ДОЛБООРДУН АТАЛЫШЫ: КЫРГЫЗСТАНДА ИШТЕГЕН ЖАЙГАШТЫРУУ ИШКАНАЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДӨӨ ЖАНА КЛАССИФИКАЦИЯ (ЖИКТЕМЕ) СТАНДАРТТАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ

Долбоордун максаты

Кыргызстан жайгашкан жери, бай тарыхы табигый жана маданий баалуулуктары менен олуттуу туристтик мүмкүнчүлүктөргѳ ээ. Бирок, өткөн жылдардын туризм багытындагы статистикалык маалыматтарды карап чыкканда, бул баалулуктар жетиштүү деӊгээлде колдонулбагандыгы байкалууда. Мунун себеби, туристтик ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүндѳ кандайдыр бир стандарттын жоктугу. Ѳлкѳдѳгү жиктеме системасы эл аралык деңгээлде таймаша тургандай стандарттарда болбогондугунан жана ишканалар ыктыярына жараша ѳткѳндүгүнѳн улам ар бир ишкана өзүн жеке ыкмалар менен таанытып келүүдө. Мындай көрүнүш, Кыргызстанга келген туристтердин санына да сапатына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жогоруда аталган максатка жараша даярдалган долбоор; жайгаштыруу ишканаларынын мүнөздөмөлѳрүн аныктого, алардын стандарттарга ылайык биримдигин камсыз кылууга, кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жергиликтүү туристтик объектилерди өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Долбоордун натыйжасында эл аралык аренада ишканалардын атаандаштык артыкчылыгынын пайда болушу күтүлѳт.

Долбоордун негиздөөсү

Долбоордун негиздөөсү катары жайгаштыруу ишканаларынын учурдагы абалын изилдөө жана ага баа берүү болуп эсептелинет. Жайгаштыруу ишканаларынын жиктемеси дүйнѳдѳ эл аралык стандарт катары кабыл алынган стандарттарга жараша жүргүзүлөт жана ишканалар ортосунда өз ара кызматташуу камсыз кылынат.  Бул долбоордун негизинде төмөнкү жетишкендиктер күтүлүдө:

  • иштеп жаткан жайгаштыруу ишканалардын стандарттарга ылайык жиктемеси жүргүзүлөт;
  • Кыргызстанга келген туристтерге белгиленген стандартка жооп берген кызмат көрсөтүүлөт;
  • Министрлик, туристтик ишканалар жана билим берүү мекемелеринин арасында кызматташтык өнүктүрүлөт;
  • Өлкөбүздүн туризм баалулуктары эффективдүү таанытылат;
  • Ишкана жетекчилери жана кызматкерлери эл аралык стандарттар тууралуу маалымат алат;
  • Мамлекетке туруктуу киреше камсыз кылынат.

ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ: И.О. ДОЦ.ЭРКАН АКГОЗ

Доц.Др. Барыш Эрдем

Доц.м.а.Др. Толга Гөк

Доц.м.а.Др.Жемал Инже

Ага окутуучу. Др. Уланбек Алимов

Ага окутуучу Надира Турганбаева

Ага окутуучу Кымбат Асанова